www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир кезде Ош саясатында үнү катуу чыгып, бийлик менен ачык тирешүүдөн тартынбаган Мелис Мырзакматов акыркы жылдары коомдук-саясий мейкиндикте мурдагыдай көрүнбөй калды.
Мырзакматов 2009–2013-жылдары Ош шаарынын мэри болуп турган. Ошол мезгилде ал түштүктөгү таасирдүү саясий фигуралардын бири катары таанылган.
2014-жылы ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголуп, ал эл аралык издөөдө жүргөн. 2015-жылы Ош шаардык соту аны сыртынан жети жылга эркинен ажыраткан.
Бирок окуя муну менен аяктаган эмес. 2020-жылы Жогорку сот мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, Мырзакматов боюнча актоо өкүмүн күчүндө калтырган. Соттук чечимдерде кылмыш курамы жок экени көрсөтүлгөн.
Ошол эле жылы ал Кыргызстанга кайтып келгенде Ошто аны миңдеген тарапташтары тосуп алган.
Андан бери убакыт өттү. Бир кезде саясий сахнада «арстандай» күркүрөгөн Мырзакматов бүгүн мурдагыдай активдүү көрүнбөйт.
Саясатта күчтүү үн менен чыккан адамдын кийин коомдук мейкиндиктен алыстап кетиши эмнени билдирет?
Бир кездеги «арстан» чындап эле кайда кетти же саясаттагы тыныгуу убактылуубу — муну убакыт көрсөтөт.