www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир Шакиев жакшы, эки Шакиев андан дагы жакшы…»

Кыргызстан чырмооктой чырмалган кландык системадан өнүкпөй аксап келет. Кайда барба, туугандар, жердештер, куда сөөктөр. Айланып-тегеренип эле ошолор жүрүшөт. Бийлик башына кимдер келсе, ошолордун эле туугандары акылдуу, иштерман, гений болуп чыгат. 

Мына айталы, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев деген бар. Кошоматчылык менен карьера жасап, ташы жогору кулап, ити чөп жеп турган чагы. Кезинде, Курманбек Бакиевдин этегин кармап, пресс-катчысы, кийин Маданият министри болгон. Саясатка ошол учурда жылып кирген.

Сооронбай Жээнбеков алдындагы табагын алдырган 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жагалданып жатып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына лидерлигин алды. 

Анан лакап болуп айтылып жүргөн «Бир Жапаров жакшы, эки Жапаров андан дагы жакшы» деген атактуу фразаны айтып, көп өтпөй Жогорку Кеңештин төрагасынын эки тизгин бир чылбырына ээ болду. Эми минтип инисин Жыргалбек Шакиевди Бишкек шаарынын Ленин районуна аким кылып алып келди. Сыягы, «бир Шакиев жакшы, эки Шакиев андан жакшы» деген ойго келген окшойт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости