www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 17-декабря карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 16, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 39 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 13, Чүй облусунда — 11, Ош облусунда — 2, Ысык-Кол облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Талас облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 205 киши айыгып чыкса, 2 миң 779 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости