www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада 900гө чукул кишиден COVID аныкталды

Соңку суткада Кыргызстанда COVID 892 адамдан табылып, жети бейтап көз жумду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Өткөн суткада коронавирус жана пневмониядан жети адам каза тапты.

"Бишкекте – 3, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда -2, Жалал-Абад облусунда 1 бейтап көз жумду", - деп айтылган маалыматта.

Республика боюнча COVID-19дан каза тапкандардын расмий саны 1 971ге жетти.

Ооруп калгандардын жалпы көрсөткүчү төмөнкүдөй:

Бишкек шаары – 401;

Ош шаары– 55;

Чүй облусу – 143;

Ош облусу – 81;

Талас облусу – 7;

Нарын облусу – 7;

Ысык-Көл облусу – 27;

Жалал-Абад облусу – 110,

Баткен облусу – 61.

Коронавирус менен ооругандардын жалпы саны пандемиядан бери 119 873 болду.

Айыгып кеткендердин көрсөткүчү төмөнкүдөй болуп, саны 524 деп айтылды:

Бишкек шаары – 246;

Ош шаары – 102;

Чүй облусу – 47;

Ош облусу – 58;

Талас облусу – 1;

Нарын – 2,

Ысык-Көл облусу – 24;

Жалал-Абад облусу – 23;

Баткен облусу – 21.

Ал эми ооруну өткөн суткада жугузуп алган медициналык кызматкерлердин саны 36га жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости