www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Нидерланды менен билим берүү жаатында кызматташат

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Андре Карстенсти кабыл алды.Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Казакбаев Карстенсти дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Элчи Карстенс Кыргызстан менен Нидерландынын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасарына ишендирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жашыл энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү курсун белгилешти. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарынын бири курчап турган чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсү болуп саналат.

Ошондой эле тараптар билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Ушул жылдын күз айларына эки тараптуу саясий консультациялар пландаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости