www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асанакунов М.А. Ысык-Көл облусунун мурдагы эки жолку губернатору, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси, профсоюздар Федерациясынын мурдагы төрагасы, башкысы эң эле чуулуу жана жоопкерчиликтен качкан ашынган коррупционер, экстра-класстагы аферист жана шылуун. Эл ичинде Мирбек Асанакунов «мончочу» каймана аты менен белгилүү. Анын бүтүндөй «элге каршы» турпатында» кандай мамиледе болбосун, түз жүрбөгөндүгүн көрсөтүп турган энди басып коюуга дагы укумдай дагы жер калбай калган. Кайсы жакта иштебесин, мыйзамды сактабай, ызы-чуунун үстүндө жүрөт, болбосо, Атамбаевдин эркеси, Раиса Атамбаеванын жакын курбусунун күйөөсү ар бир жасаган кылыктары үчүн эбак эле түрмөгө камалып, жазасын өтөшү керек болчу.

2010-2013-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки жолу дайындалуу менен ал «Кумтөр» кенинен аймактын социалдык керектөөлөрүнө жумшалуучу төлөмдөрдөн түшкөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун максатсыз пайдалануунун эсебинен эсепсиз байыган.

Асанакунов М.А. өзү үчүн натыйжалуу, бирок, эң жөнөкөй схеманы ойлоп тапкан. Финансылык кандай которуулар болбосун, социалдык маселелерди чечүү үчүн артка кечеңдетүүлөр (откаттар) түрүндө чегерүүлөрдүн көп бөлүгүн алып турган. Үч жыл ичинде мыйзамсыз алынган суммалар ондогон миллион сомдорду түзгөн. Анын жоруктары жөнүндө көзөмөлдөөчү органдар дагы маалым болушкан. 2014-жылы Ысык-Көл облустук прокуратурасы кезектеги жолу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусуна жана губернатор Мирбек Асанакуновго каршы кылмыш ишин козгогон. Бул «коррупция», «карамагындагы мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо» жана «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

Бирок, дал эле «АШАнын өзүнөн телефон чалуу» болгондуктан, эргул алардын ишин чымын чакканчалык дагы көргөн эмес. А.Ш.Атамбаевдин сүймөнчүгү суудан кургак чыккан. Бирок, тез эле кызматынан бошотушту, анткени менен, дээрлик эртеси эле күнү «Бишкек» СЭЗдин жетекчиси кылып дайындашат. Ошондой болсо дагы, ЖМК аркылуу эл Асанакуновдун кылмыш иштери жөнүндө кабардар болушту, анда эсеп палатасынын справкасы камтылып, облуста куруу пландаштырылган бир дагы бала бакча, мектеп, оорукана же башка социалдык объектилер курулбагандыгы чагылдырылган. Фонддун элдин муктаждыгына деп бөлүнгөн акчалары асманга чачылган жана эгерде кылмыш иштеринин материалдарына жана ЖМКда жазылган маалыматтарга ишенсек, бул каражаттар каяккадыр жок болуп кеткен, болбосо, Асанакунов М.А. өз чөнтөгүнө жымырып алган десек болот жана Атамбаевге таянуу менен өзүнүн жоопкерчиликке тартылбасына ишенип, ал өз аракеттерин жашырган эмес. Мамлекеттен баш-аягы жок уурдагандыгына кыска мөөнөттүн ичинде көп сандаган мончолорду, сауналарды, квартираларды сатып алгандыгы, престиждүү мейманкананы кургандыгы, курулуш компаниясын жана башка жүздөгөн миллион сомдорду чапчыган бизнес структураларын түзгөндүгү факты десек аша чаппайбыз.  

Айына 25-30 миң сомдук айлык маяна алган губернатордун ошол убакта көп сандаган менчиги кайдан-жайдан пайда болду? Анын аялы, ошол  кезде КРнын ЖК депутаты болуп турган Молдобекова Г.С. ошончо акча тапса дагы дейли. Белгилей кетчү нерсе, ал убакта Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «кыздарды» топтогон «Мамочка Гульхан» катары белгилүү боло элек эле. ЖМКдагы көптөгөн макалалардан улам белгилүү болгондой, ал анын ошол кезде жаңыдан гана сутенерша катары карьерасын баштап жаткан. Аны эми Кудай алсын. Азыркы тапта КРнын ЖКнин СДПК фракциясынын депутаты жана КРнын Парламентинин комитеттеринин бирин жетектейт. Албетте, бул ийгиликке жетүүгө эмгек сиңирди. Айрыкча, ал үчүн өзү «керектүү адамдарга» узатып турган «кыздары» эмгек сиңиришти, эң башкысы, ал КРнын экс-биринчи ледиси Раиса Атамбаеванын курбусу. Айтмакчы, ЖМКдагы макалаларга таянсак, бул эки айымды бир убакта «Бишкек балдар үйү» аркылуу балдарды соодалоо иши бириктирген, бул кылмыш иши 5 жылдан ашуун убакыттан бери созулуп, аягына чыкпай келе жатат. Албетте, бул башка өңүттөгү тема.

Ысык-Көл облусунун фонду Өкмөттүн токтому менен 1997-жылы түзүлгөн. Ал «Кумтөр» ишканасынын кирешесинен түшкөн бир пайыздын эсебинен уюшулган жана облустун социалдык өнүгүшүнө багытталган. Тактап айтканда, Фонд  жыл сайын социалдык программалар үчүн жүздөгөн миллиондогон сомдор менен толукталган. Антсе дагы, таза эмес жетекчи максатка багытталган каражаттарды өзүмбилемдик менен оңду-салды каалагандай калчаган.

Мисалы, эсеп палатасы басма каражаттарынын жарыялоосу боюнча, көзөмөлсүз акчалар агылган, Асанакуновдун үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн «Иссык-Куль» микрокредиттик агенттигине мыйзамсыз акча которууларды токтотуу жана Жети-Өгүз районундагы капиталдык курулуш бөлүмүн таркатуу жөнүндө бир нече курдай көрсөтмө берген. Буга карабастан, көрсөтүлгөн бузуулар жөнгө салынган эмес жана үч жылдын ичинде микрокредиттик агенттикке 40,8 миллион сом «адашып» кирип кеткен. Уурулуктар аныкталгандан кийин Фонддун жана губернатор Асанакуновдун ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүп, 2010-жылдан 2012-жылга чейин «Кумтөрдөн» Фонддун эсебине 962 млн. 118 миң 700 сом каражат түшкөнү белгилүү болгон. Булардын ичинен 2011-жылы кенден Фондго 463 млн. 904 миң 500 сом которулган. Расмий органдар жана Эсеп палатасы аркылуу гана бир жыл ичинде Асанакуновдун 12 млн 110 миң 380 сом акча каражатын мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталган. Жана мунун баары эки күндүн ичинде гана аныкталган үстүртөн алынган  маалыматтар.

Текшерүүнүн экинчи күнү бүтүп калганда Ак үйдүн 7-кабатынан чалынган телефондун коңгуроосу текшерүүчүлөрдү аферист-губернатор Асанакунов ээлеген апартаментти таштап кетүүгө мажбур кылды. Ким телефон чалды, биз кимбиз, териштирген да жок. Коңгуроо президенттин линиясынан кагылгандыгына бардыгы ишеништи жана телефонду мамлекет башчысынын кабинетин тазалаган пол жуугуч какты деп шектенүү күлкү келтирерлик болмок. Антсе дагы, Эсеп палатасынан: «Эгерде тереңирээк казганга мүмкүнчүлүк беришсе, М.А.Асанакунов короткон андан дагы ири суммадагы каражаттар табылмак» деп билдиришти. Бирок, тилекке каршы, окурман анын  коррупциялык жана  аялынын коомчулукка каршы, антиморалдык жана мыйзамсыз кылмыш иштеринин артында кимдин кулагы чыгып атканын көрүп турушат.

Урматтуу окурман, Асанакунов мырза менен анын аялы - КРнын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрайымы Г.С.Молдобекова баюунун булагын кайдан табышкандыгын жана алеки заматта байманасы ашып-ташыганын аңдоо эч кандай деле кыйынчылык жаратпаса керек. Ооба, жообу ачык-айкын: бюджеттик каражаттарды калчоонун эсебинен жана ысык-көлдүктөрдүн жашоо байгерчилигин төмөндөтүүдөн уурдалган акчаларга облустун аймагына социалдык-маданий багыттагы канчалаган объектилерди курса болмок жана Атамбаевдин жана казандык бизнесменша Раисанын, тагыраагы, Атамбаевдин аялынын бийликтен кетишинен кийин бул суроону ысык-көлдүктөр кайрадан көтөрүп жатышат.

Эмне үчүн Асанакунов М.А. жасаган иштерине жооп бербейт? 

Ларчиктин ачылышы эң эле жөнөкөй, кеп анын ошол кездеги КРнын Президенти А.Ш.Атамбаевдин кол баласы болгондугунда, бирок, ал азыр түрмөдө отурат, анда эмне үчүн Асанакуновду жоопкерчиликке тартышпайт? Суроо абдан кызыктуу. Азыркы учурда «Кумтөр» кенине байланыштуу коррупциялык иштерге катышып барлардын бардыгын жоопкерчиликке тартып жатышат. Мамлекеттин эсебинен байыгандардын бардыгынын жазасын берип, туура кылышууда. Коррупционер түрмөдө отурушу керек, уурдалгандарды ордуна кайтарууга убакыт келип жетти.

Ошентсе дагы, эмнегедир Асанакуновду чекисттер айланып өтүп жатышат, анткени менен, бийликтин Асанакуновдон азыраак жегендерге деле аёосуз мамиле кыла жатышкандыгын фактылар көрсөтүп жатат. Ал эбак эле Ысык-Көл облусунун фондундагы каражаттарды өзүмбилемдик менен максатсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш ишинин каарманы болууга тийиш эле. Ушундан улам анын кайрадан крышасы пайда болгону ачык көрүнүп турат.

Мисалы, Атамбаевдин учурунда бул - биринчи айым Раиса болсо, С.Ш. Жээнбековдун учурунда анын иниси – кудуреттүү Асылбек колдоп турган, ал эми азыр ким? Кандай болсо да, колдон суурулуп, кайда болбосун мурдун тыккан Г.С. Молдобекова Г.С. айланасындагы адамдарга башкы чекист К.К.Ташиевге «жол» тапканын саймедиреп далай жолу айтканын эшиттик жана бул башкы чекисттин дарегине карата мындай жалааны Раисанын жана СДПКнын эркек талтаңы дайыма кайталагандан жадабайт. Элди «жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» деп ойлосун дейт көрүнөт жекандайдыр бир «жагдайлардын кагылышы» болгон сыяктуу. ПФК төрагалыгына Ташиевдин тарапташтары түштүктөн бирөөнү «түртүшкөн». Албетте, ал өз ишинин дасыккан адиси. Окумуштуу. Балким, билим берүү жөнүндө документи бар жана «Профсоюздар» – бул коммунизм мектеби экендигин жакшы түшүнөт. Ташиевдин тарапташтарын Камчыбек Кыдыршаевичке көлөкө түшүрбөөсүн суранат элек. А эгерде кимдир бирөөнү алып келгиси келсе, жок дегенде эки ооз сөздүн башын кошуп сүйлөй ала турган адамды тандоого кеңеш бермек чыгаар. Андай болбогон учурда Ташиевдин жеке мүдөөнү көздөгөн ишмердүүлүгү жөнүндө айыңдар күчөйт. 

Ал арада Асанакунов Молдобекова Г.С. аялы экөө Ташиевдин дарегине карата ушак-айыңдарды таратып, өз колдоруна профсоюздун менчигин толугу менен алууга аракет кылышууда. Бул схема дагы эң жөнөкөй, ар кандай махинацияларды жасоо жана манипуляция кылуу менен санаторийлерди, курортторду, эс алуу жайларын кудуретсиздикке дуушар кылып, андан кийин бөлүп-жарып сатышууда. Ал эми бул өтө чоң суммадагы каражаттар жана кимди болбосун сатып алышат. Асанакунов жана анын  компаниясы 2020-жылдын 7-декабрында профсоюздар федерациясынын имаратына рейдерлик баскынчылык кылышын көп суммадагы каражаттардын айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Жумушчулар өз иш орундарына кире албай калышкан кырдаалда ал эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Ал эми прокурор кызматкерлери жана Ички иштер министрлиги анын «бейбаштыгына» көз жумуп коюшту, анткени менен аларга аталган кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети фактысы боюнча профсоюз активисттери он жолудан кем эмес кайрылышкан. Буларды көрүп туруп Асанакунов менен Молдобекованын чындыгында жогору жакта «крышасы» бар окшойт деген жыйынтыкка аргасыз келесиң. Эгер андай болбосо, анда «Мончочуну» эбак эле темир тор артына камак коюшмак. Мамлекеттик структураларда коррупция жашап, гүлдөп жатат жана «өлүмгө алып келүүчү бул ооруну» эч кимдин токтотууга күчү жетпейт.  

PS: ПФК мүчөлөрү менен баарлашканымда алар «ПФК мүчөлөрү атамбаевчилер жалааларды жаап, кадыр-барктарына доо келтирип жатышкан Жапаров менен Ташиевге үмүт артып жатабыз. Бийлик  Асанакунов менен Молдобекова сыяктуу алдым-жуттум, принципсиз аткаминерлерди эмес, элди колдосо деген тилектебиз» деп ачык эле айтышууда. 

Ырысбек ОМУРЗАКОВ, NazarNews.kg

Последние новости