www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир учурда 2 вице-мэр кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров кызматтан кетишти. Бул тууралуу маалыматты мэриядан тастыкташты.

Белгилей кетсек, Мозгачева социалдык маселелерди, ал эми Кадыров жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелерин көзөмөлдөгөн.

Алардын  эмне себептен кызматтан кетишкени азырынча белгисиз. 

Виктория Мозгачева 2021-жылдын май айынан бери, ал эми Азамат Кадыров 2023-жылдын ноябрынан бери мэрдин орун басары кызматын аркалап келген.

Последние новости