www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир жыл мурун Доскул Бекмурзаев өнөр жай, энергетика министри болуп дайындалган. Арийне, министр Доскул Бекмурзаевди шалаакылыгынан ноябрда алмаштырыла турган 4 агрегат 2022-жылдын июнь айына калган, бирок ошол мөөнөттө бүтөрүн бир кудай билет. Доскул Бекмурзаевди куурдак кылып кууруп жесек да эч нерсе чыкчудай эмес. Электрэнергия менен камсыз кылыш үчүн Түркмөнстандан 502 млн кВт.саат, Казакстандан 900 млн кВт. саат жана Өзбекстандан 750 млн кВт.саат алып эптеп кышты тоголоттук.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаров менен жолугушууда инвестициялык кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштаган. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш жакынкы күндөрү баштала турганын билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржы ресурстары бар экенин, Финансы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн АКШ долларын бөлө турганын айткан.
Кышы бою электр энергиясынын жетишсиздиги жаралып, чектөөлөр болуп чыкты. Бул тармакка, министр мырза Доскул Бекмурзаевге да нааразычылыктар арбыды. Электр энергия тармагында көзгө көрүнөрлүк иштер болгон жок. Министр кызматка келгенине 8-июнда бир жыл болот Бирок эч кандай кескин түрдө реформалар болгон жок. Бекмурзаев жаңы министр болгондо Токтогул ГЭСине журналисттерди чогултуп алып, «мен кескин түрдө реформа кылам, энерготармакты жакшыртуу, астыга жылдыруу чараларын көрөбүз» деген убадасын берген. Арадан бир жыл өтсө да эч кандай өзгөрүү болгон жок. Кыш мезгилинде чектөөлөр, өчүрүүлөр болуп жатты. Ар бир үйгө 5 кВт/сааттан ашык берген жок. Негизинен 5 кВт/саат бир үй-бүлөгө жетишсиз. 1-марттан баштап бардык аймактарда жалпы өчүрүүлөр болуп эле жатат. Кептин баары үнөмдөө маселесинде.
Өткөн жылы министр казактар, өзбектер менен үч жылдык келишим түзүп, биз 1 млрд. 650 млн. кВт/саат алдык. Эми үч жылдын ичинде ушул алган кВт/саатты кайтарып беришибиз шарт. Жай мезгилинде, эң ысык саратан убакта Өзбекстан менен Казакстан сугат сууга муктаж. Аларга электр энергия керек эмес, суу керек. Биздин өлкө үчүн бул келишим зыяндуу болуп жатат. Эч кандай пайдасы жок. Алар өз убагында айыл чарбага керектүү мөмө-чөмөлөрүн сугарып, жемиштерди, мөмөлөрдү аябай чогултуп алышты. Былтыр декабрь айында Акылбек Жапаров Астанага барганда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин ыраазычылык билдирип, «550 млн. куб сууну биз ашыкча алдык» деп белгиледи. Бирок бул маалымат элге ачыкталган эмес.
Бул жылы да былтыркыдай болобу деген кооптонуу бар. Суунун көлөмү, агымы аз. Жайында ашып кетсе 12 жарым млрд. куб суу топтойбуз. Кайра эле кышында кыйналып чыгабыз. Өчүрүүлөр, чектөөлөр болот.
ГЭСтерди куруу демилгеси көтөрүлүп жатат. "Камбар-Ата-1 ГЭСи" курулса, кошумча 1000 МВт электр энергиясы берилип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турганы айтылып келет. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарында "Камбар-Ата-1ди" коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан. Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча негизги маселелер карала электигин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламенттин жыйынында маалымдаган. Казакстан да бизге жардам берерин билдирди. 3-4 млрд. кВт/саат жетишсиз болуп, ошонун негизинде биздин экономикабыз өнүкпөй, өспөй жатат. Көп мекемелер, ишканалар, коммерциялык компаниялар «электр энергиянын көлөмүн көбөйткүлө» десе, энергиянын жоктугунан кайдан берсин. Бул абал түздөн-түз экономикабыздын төмөндөшүнө таасир тийгизүүдө.
Жаңы ишканалар ишке кире албай жатат. «Кичи ГЭСтерди курабыз» дегендери жөн эле куру убада бойдон калууда. Алдыга жылуу жок. Биз кошуна Тажикстандан да артта калдык. Тажикстан үч жыл ичинде ГЭСтерин куруп алды. Чындыгында энергетика тармагына кескин түрдө реформа кылбаса, баягы эле көрүнүш улана берет. Ал эми министрдин көзгө көрүнөрлүк эч бир иши жок. Элдин сунуштарын четке кагып, «өзүбүз кылабыз» деген менен иштери жылбай эле. Бир жумадан кийин кайра Өзбекстан, Казакстанга сууну коё беребиз. Күз келгенде кайра баягы көрүнүш. Келишимдери кыргыз элине пайда эмес, зыян алып келүүдө. Крыловдун «Ийнелик жана кумурска» деген тамсилиндеги ийнеликтей жайы боюбу суубузду кошуналарга берип, өзүбүз «бийлеп» чыгабыз, кышында электрди ойлоп калабыз. Анткени, бюрократия орун алууда. Стратегиялык программа, план деген жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg