www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто денеге оор залал келтирүү менен издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда издөөдө 1968-жылы туулган Ош шаарынын тургуну П.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Ал 2021-жылдын апрель айында жакын тууганынын баласы менен чырдаша кетип, анын денесине оор жарат келтирип, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Шектүү мурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн сот жообуна тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн үстүнөн тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости