www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим Кыргыз Республикасынын бюджет системасындагы бюджеттик акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу процессин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.
Бюджеттерди аткарууну кассалык тейлөө бюджеттик мыйзамдарга, ошондой эле ушул тартиптин ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана бюджеттерге каражаттардын түшүү процессин уюштуруу жана аларды бөлүштүрүү менен байланышкан операцияларды эсепке алууну, Бирдиктүү казыналык эсептин акча каражаттарын оперативдүү башкарууну, ошондой эле отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылат.
Булак: NazarNews.kg