www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Араб Эмирликтери — жакынкы чыгыштагы, жети эмирликтен турган федеративдик мамлекет. Ар бир эмирлик абсолюттук монархиялык мамлекет болуп саналат: Абу-Даби, Ажман, Дубай, Рас-аль-Хайма, Умм-эль-Кайвайн, Фужейра жана Шаржа.
VII кылымда Перс булуңунун түштүк жээгин жана Оман булуңунун түндүк-батыш жээгин бойлой жайгашкан шейхтер жергиликтүү калкка Исламды жайылткан Араб халифатынын курамына кирген. Дүйнөлүк фактылар китебине ылайык, БАЭнин калкы 2021-жылдын июль айына карата 9,856,612 адамды түзгөн.
БУУнун эсеби боюнча, 2019-жылдын ортосунда өлкөнүн жалпы калкы 9 771 000 болгон; иммигранттар өлкөнүн жалпы калкынын 87,9% түзөт.
2015-жылдын эсеби боюнча БАЭ калкынын — 11,6% эмирликтер, түштүк азиялыктар — 59,4 % (анын ичинен 38,2% индиялыктар, 9,5% бангладештиктер, 9,4% пакистандыктар, 2,3% башка Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жарандары), мисирликтер — 10,2 %, филиппиндиктер — 6,1 %, башка өлкөлөрдүн жарандары — 12,8% түзгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg