www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан чабуул иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын "Биримдик-Кут" турак жай массивинде (мурда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык болгон) социалдык инфраструктура объекттерин куруу үчүн арналган жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу боюнча жергиликтүү башкаруу органдарынын жооптуу адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманы аныктады.
«Биримдик-Кут» турак жай комплексинин 2012-жылы бекитилген башкы планына ылайык, 3,5 гектар жер тилкеси социалдык объектилерди: мектеп, спорт комплекси, өрт өчүрүүчү станция, трансформатордук станция, муниципалдык базар жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн гана бөлүнгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө жооптуу муниципалдык кызмат адамдары профилдик мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана аффилирленген жарандар менен алдын ала тил табышып, максаттуу багытын бузуу менен көрсөтүлгөн жерлердин бир бөлүгүн жеке менчикке чыгарып кетишкени аныкталган. Азыркы этапта 3 участокту мыйзамсыз ээликтен ажыратуу боюнча конкреттүү фактылар аныкталды:
- спорт комплексине арналган аянты 0,35 га жер тилкеси Д.Н.А. аттуу жаранга таризделип, андан ары А.у.Э. аттуу жаранга өткөн;
- базар куруу үчүн каралган аянты 0,42 га участок Т.М.А. аттуу жаранга таризделип, андан кийин Р.И.А. аттуу жаранга кайра таризделген;
- трансформатордук станция жана өрт депосу үчүн каралган аянты 0,18 га участок Д.Н.А. аттуу жарандын менчигинде калган.
Аталган адамдар белгиленген участокторду коммерциялык максаттарда пайдаланууну пландаштырышкан. Мындай аракеттердин натыйжасында жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктары жана укуктары, ошондой эле жергиликтүү калктын социалдык инфраструктурага, айрым аткаминерлердин жеке кызыкчылыктарына болгон муктаждыктары бузулган.
2025-жылдын 4-сентябрында тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада аталган жогорудагы участоктор мыйзамсыз таризделип, өткөрүлүп берилгенин тастыктаган документтер алынган. Тиешеси бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө тараптар жер участокторуна ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин моюнга алып, аларды өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке кайтарышкан
УКМК социалдык багыттагы жерлерге мыйзамсыз ээлик кылуунун ушул сыяктуу фактыларын аныктоо боюнча мындан аркы иштер жүрүп жатканын эскертет. Мындай участоктор карамагында турган жарандарга аларды өз ыктыяры менен мамлекеттик (муниципалдык) менчикке кайтарып берүү сунушталат.