www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи Элдик курултай. Аксакалдар уруша кете жаздады

Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө чатак чыгып кете жаздады.

Легендарлуу парламенттин депутаты Кемел Аширалиев аксакалдар кеңешине талапкерлердин ысымдарын атай баштады. Ар бир облустан, ошондой эле эки шаардан аксакалдар кеңешине кире турган бирден талапкерди шайлоо сунушталды. Мындан тышкары, бул кеңешке анын айтымында, эмгек мигранттарынын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү кирип, бардыгы болуп 20 адам болушу керек.

Аксакалдар кеңеши шайлангандан кийин Кемел Аширалиев мүчөлөрдү спикерди шайлоо үчүн өзүнчө бөлмөгө чакырды.

Залда отурган курултай делегаттарынын бири Асеин Аракеев 20 аксакал болбошу керектигин, катчы да керек экенин айтты. Тараптар аз жерден уруша кете жаздады.

Кырдаалга президент Садыр Жапаров кийлигишип, аксакалдар спикерди өзүнчө бөлмөдө шайлоону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости