www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-августта Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Сотто Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш иши каралат. Сотко Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов, Раиса Атамбаева, Равшан Жээнбеков да барды.

Милиция кызматкерлери чогулгандарга соттун аймагына плакат жана транспарант алып кирүүгө тыюу салды. Бирок чогулгандар ал чектөөгө карабай соттун короосуна плакат жана желек алып киришти. Алар Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылууда.

Ал эми Атамбаев сот отурумдарына катышуудан баш тарткан.

Кой-Таш окуясына быйыл үч жыл толду. Тоз-тополоңго байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Бишкектеги Биринчи май райондук соту карап жатат.

2019-жылы 7-8-август күндөрү кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпталган Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башаламандык менен коштолгон эле.

Кой-Ташта 7-8-август күндөрү күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40 УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар болгон.

Булак: NzarNews.kg

Последние новости