www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Нурсултан Акуналиевди актоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.
Нурсултан Акуналиев опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча айыпталып жаткан.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кармалганын билдирген.
Тергөө версиясына ылайык, кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардын бирине карата кылмыш ишин козгоп, кийин ортомчу аркылуу анын уулунан кылмыш ишин токтотуу үчүн 30 миң АКШ долларын талап кылышкан.
УКМКнын маалыматы боюнча, жабырлануучу тарап ортомчуга 20 миң АКШ долларын өткөрүп берген. Атайын кызматтын билдирүүсүндө бул каражат кийин милиция кызматкерлерине берилмектиги айтылган.