www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактагы саясаттагы өөдүк-сөөдүк окуялар Башбакандын биринчи орунбасары Баатырбековдун чачын түшүрүп таз кылып жибере турган болгон. Себеби “Кыргызстан” партиясынын парламенттик шайлоого барбай калышы эң биринчи кезекте Баатырбековдун башын баталгага коймок. Анын Шакини классташы экенине карап да коймок эмес. Эгер “Кыргызстан” партиясы парламенттике, андан соң көпчүлүк коалицияга кирбей калса Баатырбеков автоматтык түрдө кызматынан ыргымак. Шаки бары жокту аңдаган кыраакы саясатчы эмес экенин ушул партиянын тизмеси кечиккен ызы-чуудан байкалды. Кээ бирөө Тынай, Атаке тукуму Канат Исаев манаптыкка салып Шакинин башынан аттап, ал түзгөн тизмени эмес, өзүнүн тизмесин каттоого берип жибергенин жазып чыгышты. Тизмеге киришкен сабатсыздыгынан улам дүйнөнү дүңгүрөтүп шылдың болушкан Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамов сыяктуулар партиянын кадыр-баркын түшүрбөйбү? Эмнеси болсо да “Кыргызстан” партиясы “өлбө жаным, өлбөлөп” парламенттик шайлоого катышууга укук алды. Эми калганын Шайлообекович менен шайлоо чечер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости