www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталып, узундугу 52,5 чакырымды түзөт.

 Бишкек — Кара-Балта жолуна салынган асфальттын бир бөлүгү кайра алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрелде жолго асфальт төшөлгөндөн кийин мамкурулуш текшерип, кемчиликтер аныкталган.

Аталган тарссанын Александровка айылынын тушундагы бөлүгүндө 217 метрлик жерди кайра жасоо тапшырылганы белгиленди. Эми подрядчы кытай компаниясы бир айдын ичинде жолго жаңы асфальт төшөп чыгышы керект.

Белгилей кетсек, Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталган. Жалпы узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Калктуу конуштардагы оңдолгон жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости