www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкек – Ош унаа жолунда таш кулап, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 17:40 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 410-чакырымында жолго чоң таштар кулап, жолду жаап калгандыгына байланыштуу жолдун Кара-Көл шаарындагы Туннел постунан тартып, Таш-Көмүр шаарчасына чейинки аралыгында (447-495-чакырымдар) унаалар убактылуу токтоп турат.

Азыркы учурда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери тарабынан жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жолдор ачылганда кошумча маалымат берилет.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости