www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси бар жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

2023-жылдын 11-октябрында Баткен - Ош унаа жолунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын жараны Б.С.С. жана Кыргызстандын жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан баңгизат - жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости