www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Орусияда кармалган эки тажик жараны мекенине кайтууга уруксат берилбей жатканын билдирүүдө.
Соттун чечими менен Фуркат Абдуфаттоев менен Диловар Жураев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.
Исфара районунун Ворух айлынын тургуну, 48 жаштагы Фуркат Абдуфаттоев Кыргызстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган. Ал 2019-жылы 13-мартта болгон чек ара жаңжалына катышы бар деп айыпталууда. Абдуфаттоев бул айыптоолорду четке каккан. Ал 2021-жылы 1-февралда Башкырстандын Кугарчин районунда кармалып, 6-июлда эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.
"Келинчегим менен балдарым Тажикстанда, жашаган жеримден чыгууга тыюу салынган. Патент менен да иштей албайм, мурдагыдай эле федералдык издөөдө экенмин. Карызга батып, ишсиз отурам. Адвокаттын кызматы үчүн эле 800 миң рубль карыз алууга туура келди", - деди Фуркат Абдуфаттоев.
Ушундай эле абалга Исфаранын башка бир жашоочусу Диловар Жураев да туш болду. Ал 2021-жылы 8-ноябрда Новосибирск шаарында кармалган. Кыргыз бийлиги тажикстандыкты чек арадагы жаңжалда жапырт башаламандыкты уюштурууга жана бейбаштыкка айыптоодо. Диловар Жураев бир нече күндөн кийин Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен бошотулган.
Орусиянын Башкы прокуратурасы Тажикстан жарандарын Бишкекке өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Бирок жергиликтүү бийлик алардын мекенине кайтышына уруксат берген жок.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе менен өлкөнүн Орусиядагы элчилиги алектенип жатканын кабарлады.
Орусия бийлиги бул боюнча комментарий бербейт. Ал арада Фуркат Абдуфаттоевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Илларион Васильев көйгөй орус мыйзамдарында экенин белгиледи. Анын айтымында, мыйзамда эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкаттын мөөнөтү белгиленген эмес. Жарандар беш жыл бою жашаган жеринен чыга албай калган учурлар да болгон.
Былтыр 16-ноябрда 29 жаштагы Комилжон Юлдашев да Москванын "Домодедово" аэропортуна учуп келгенде кармалган. Кыргызстан Юлдошевди чек арада орун алган коогалаңга катышкандыгы үчүн айыптоодо. Ал кармалгандан бир сутка өткөн соң бошотулган.
Орусияда тажик бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстандын да бир жараны кармалган.
2021-жылы 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.
Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.
Булак: NazarNews.kg