www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек асфальт сервис» мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысы болжол менен 7000 сомго кыскартылып жатат. Бул маалыматты АКИpress агенттигине 17-ноябрда кызматкерлер билдирди.

Азат Жумалиевдин айтымында, мындай көйгөйлөр мурунку айда жетекчи алмашканда башталган.

«Мурунку айда да айлык акы кечиктирилип, директорго кайрылганбыз. Бирок эч нерсе чечилген эмес. Менин эмгек акым 15 миң сом, мурун 24 миң сом алчумун. Болжол менен бардык кызматкерден 7 миң сомдой кемип жатат. Айлык эч нерсеге жетпей калды. Көмүр алып, батирге ижара төлөш керек. Баарында насыя бар», - деди А.Жумалиев.

16-ноябрда кечинде нааразы болгон 60 чакты кызматкер «Бишкек асфальт сервис» мекемесине чогулушкан. Алар өлкө жетекчилигинен бул көйгөйгө көңүл бурууну суранышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости