www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси кызматындагы мыйзамсыз жүргүнчү ташууларды аныктоо жана бул тармакта тартипти камсыздоо максатында рейддик иш-чараларды улантууда.

Рейддин жүрүшүндө Telegram тиркемеси аркылуу Бишкек шаарынан Чолпон-Ата шаарына жүргүнчүлөрдү тиешелүү лицензиясы жок жана мамлекеттик каттоо номердик белгиси жок унаа менен ташып бара жаткан такси айдоочусу аныкталды.

ИИМдин ЖКККББнын маалыматына ылайык, жүргүнчү ташыган айдоочулар тарабынан жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу фактылары көп катталууда. Мындай мыйзам бузуулар бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат.

ЖКККББ жүргүнчү ташуу мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керектигин эскертип, мыйзамсыз жүргүнчү ташууларды аныктоо боюнча рейддик жана алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантыларын билдирет.

Последние новости