www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«КУЭТ» ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасында Аламүдүн райондук электр энергиясын сатуу кызматынын кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү багытында кеңири түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Бул иш-чара кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коррупциялык укук бузуулардын алдын алууга жана кызматтык жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталды.

Иш-чарага төмөнкүлөр катышты:
— Бишкек электр тармактар ишканасынын Биринчи бөлүмүнүн башчысы Байыш Раимкулов;
— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык кеңештин башкы катчысынын орун басары Шабданов Радик Раимбекович;
— «Мыйзам тартип талап» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагимов Самат Сюнтбекович.

Жолугушуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, кызматтык тартипти сактоо, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик маселелери кеңири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле абоненттер менен иш алып барууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, кызматкерлер арасында коррупцияга карата терс көз карашты калыптандыруу, ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу жана кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө зарылдыгы белгиленди.

Мындай иш-чаралар керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырууга жана энергетика тармагында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Последние новости