www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жасалма алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигине Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жасалма алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана сатуу фактылары тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинде (Спиртти жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши катталган.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө алкоголдук ичимдиктерди тиешелүү лицензиясы жок өндүрүү, сатуу жана сактоо менен байланышкан мыйзамсыз иштер жүргүзүлгөн даректер аныкталган. Ошол эле учурда жасалма акциздик маркалар колдонулуп, сатылып жаткан продукциянын коштоочу документтери болгон эмес.
Тинтүүнүн натыйжасында төмөнкүлөр табылып алынган:
-Бишкектеги Москва көчөсүндө жаран 1973-жылы туулган А.А.га таандык жашыруун цех табылган. Анда: 20 литрден болгон 25 канистр, 460 бөтөлкөдөгү даяр продукция, жасалуучу аппараттар, ошондой эле чийки зат жана идиштер табылган;
-Жаран 1993-жылы туулган М.А.нын үйүнөн 20 куту (ар биринде 36 стаканчиктеги арак), 7 куту (ар биринде 25 даана 0,7 л бөтөлкөдөгү арак), эки аппарат, көптөгөн бош бөтөлкөлөр жана акциздик маркалардын ар кандай түрлөрү табылган;
-Чүй облусунун Көк-Жар айылында жаран 1953-жылы туулган К.О.нын үйүнөн жашыруун цех табылган. 200 литр даярдоо аралашмасы менен 31 бочка, 7 бочкадагы 200 литр даяр болгон жасалма шарап, ингредиенттер жана өндүрүш үчүн жабдуулар табылып алынды;
-Бишкектеги Брестская көчөсүндө жаран БТ.дан мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт ичимдиктерин куюга арналган 196 бош бөтөлкө табылган.
Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн жасалма 10 тоннадан ашык алкоголдук продукция, спирт кошулган аралашмалары, колго жасалган аппараттар жана көп сандагы акциздик маркалар алынган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандардын ден соолугуна коркунуч туудурган жасалма алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.