www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Исламабад шаарынын башкы комиссары (мэри), Борборду өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы Сохаил Ашраф менен жолугушту.

Муниципалитетте өткөн жолугушууда тараптар Бишкек менен Исламабаддын ортосундагы боордош шаарлар мамилесинин алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Айбек Джунушалиев шаарлар ортосундагы байланыштар практикалык мазмун менен толукталып, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзүшү керектигин белгиледи.

Тараптар өзгөчө экономика, маданият жана жаштар саясаты тармактарындагы кызматташууга көңүл бурушту. Бишкек шаарынын мэри Пакистандын жаштарын Дельфы оюндарына жана «Наристе» фестивалына катыштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Сохаил Ашраф Бишкекке алгачкы жолу келгенин белгилеп, Кыргызстандын борборунун жаратылыш кооздугуна жана акыркы жылдардагы өнүгүү темпине жогору баа берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки шаардын ортосундагы достук байланыштарды мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек менен Исламабаддын ортосундагы боордош шаарлар тууралуу макулдашууга 2025-жылдын 4-декабрында кол коюлган.

Последние новости