www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Биринчи май районундагы М.Ганди, М.Рыскулов, Ю.Фучик, Васильевский тракт, Д.Асанов, Заводская, Чимкентская, Республиканская, Жумабек, Харьковская көчөлөрүнүн тургундары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан жана ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү айтышты, тактап айтканда, көчөлөрдү оңдоо жана асфальттоо, Республиканская жана Победа көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты сактоо, газдаштыруу, жер амнистиясынын алкагында кызыл китептерди чыгаруу, №41 мектептин жанына тротуар куруу, ошондой эле №26 автобустун каттамын узартуу маселеси көтөрүлдү.

Соңунда мэр Айбек Жунушалиев шаар тургундары тарабынан айтылган бардык маселелерди көзөмөлгө алууну тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости