www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова менен биргеликте борбор калаадагы билим берүү мекемелериндеги курулуш жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, алгач №56 мектептеги капиталдык оңдоо иштери каралды. Учурда объектте демонтаж жана электр монтаждоо иштери аяктап, жасалгалоо жана курулуш-монтаждоо иштери уланууда. Долбоордо имаратты толук жаңылоо, ошондой эле футбол, баскетбол жана воркаут аянтчаларын, чуркоо жолдорун, тышкы жарыктандырууну жана тротуарларды куруу каралган.
Андан соң 500 окуучуга ылайыкталган №3 мектептин кошумча корпусунун курулушу текшерилди. Жаңы имаратта заманбап окуу кабинеттеринен тышкары спорттук инфраструктура да түзүлөт.
Ошондой эле шаар башчысы №64 мектептин кошумча корпусундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, подряддык уюмга курулуштун темпин күчөтүүнү жана иштердин сапатын камсыздоону тапшырды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Джунушалиев бардык объекттерди белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүү боюнча тиешелүү кызматтарга жана подряддык уюмдарга тапшырма берди.