www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы ЖЭБди балансына өткөрүп алууга даяр эмес. Бул тууралуу Бишкектеги брифингдин жүрүшүндө мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Бишкек ЖЭБин шаар мэриясынын балансына өткөрүү тууралуу маселе көтөрүлгөн, бирок азырынча муниципалитет кабыл алууга даяр эмес.
"Объектти мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, атап айтканда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жүзөгө ашырылат. Биздин жылдык бюджет 10 млрд сомду түзөт, ал эми ЖЭБди камсыздоого 5 млрд сом керек керектелет. Бизде каражат жетишсиз. Өткөрүп берүү маселеси каралган, бирок кабыл алуу маселеси талкууланууда”, - деди Адилет Малдыбаев.
Булак: NazarNews.kg