www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы Түштүк магистралдын боюндагы Масалиев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки 25 жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Ленин райондук прокуратурасы 25 тилкеге берилген документти жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз жазган. Райондук сот арызды канааттандырып, баардык жерди мамлекетке өткөрүү чечимин кабыл алган. Бирок шаардык сот алардын айрымдарын жокко чыгарган.

Андан соң иш Жогорку Сотко өтүп, алар райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Жыйынтыгында, 32а муниципалдык аймагында жайгашкан 10 жер тилке мамлекетке толук өттү, ал эми 15 жер боюнча соттук териштирүүлөр дале уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости