www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузган 206 фактыны аныктады.

Рейд 1-апрелден 5-апрелге чейин жүргүзүлүп, эреже бузгандарга жалпы 2 миллион 447 миң 500 сом айып салынган.

Мэрия бул боюнча тартип орнотуу иштери уланып жатканын белгиледи.

"Көпчүлүк учурда жеке жана юридикалык жактар унааларды туура эмес токтотуп, жашыл аянтчаларды бузуп, тегерек-четинин абалына көз салбай, курулуш компаниялары асфальт-бетон төшөлмөсүн бузуп жатат. Эреже бузгандар айып пулду өз убагында төлөбөсө ал айыптын үстүнө кошумча айып салынат", — дешти мэриядан.

Шаар бийлиги жашоочулардан көрктөндүрүү эрежелерин сактоону өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости