www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясы эски "Аккула" ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коет.

Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек. Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.

Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын “аукциондун кадамына” ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости