www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо максатында шаар ичиндеги жолдордо оор жүк ташуучу машинелердин жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-апрелден 1-октябрга чейин таңкы саат 7ден 21:00гө чейин 18 тоннадан ашык жүк ташуучу автоунааларды шаар ичинде айдоого тыюу салынат.

Гуманитардык, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын, муниципалдык иш боюнча жүк ташып жүргөндөргө жана жол курулуш автоунааларына чектөө жок.

“Күн ысыганда оор жүк ташуучу унаалар жолдогу асфальттын сапатын бузган учурлар көп кездешет. Шаардыктар тарабынан да оор жүк ташыган унааларга түнкүсүн гана жүрүүгө уруксат берүү талабы дайыма айтылып келген”, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

5-апрелге чейин Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматтары оор жүк ташыган машиналарга чектөө киргизилген жолдорго атайын белгилерди орнотуп чыгышат. Эреже бузгандарга "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 181-беренесине ("Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан каттоо үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо/ашыруу") ылайык айып пул салынат.

Бишкекте жаз келгенден бери жолдор жыртылып, аң-чөнөктөр көбөйдү. Шаардын тургундары бул боюнча социалдык тармактарда жазып, сүрөт-видеолорун жарыялап жатышат. Шаардыктар Бишкекте айрым жолдор салынгандан бир-эки жыл өтпөй жарактан чыгып жатканын айтышууда.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости