www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында 10-13-май аралыгында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Жумуштар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

“Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости