www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык санитардык полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүрүп жатат.

Тергөө чараларынын жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмышты жасоого шектелип, «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, борбордун мурдагы мэри И.А.С жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М. жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу, аларга карата сырттан айыбы угузулду.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттерин улантууда.

Болот Асаналиев 2016-2018-жылдары Бишкек санитардык полигонду жетектеген. Албек Ибраимов 2016-2018-жылдары Бишкек шаарынын мэри болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости