www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмийлер коомчулукту чагымчылдыкка алдырбоону дайыма өтүнүшөт. Бирок өздөрү чаржайытты биринчи баштайт дагы президент баш болуп «БУЗУКУЛАР» деп тилдешет. Мындай пикирин жарандык активист Эрлан Бекчороев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Расмийлер коомчулукту чагымчылдыкка алдырбоону дайыма өтүнүшөт. Бирок өздөрү чаржайытты биринчи баштайт дагы президент баш болуп «БУЗУКУЛАР» деп тилдешет.

Расмий маалымат чыгарарда, өзгөчө тышкы саясат боюнча негизги маалыматта бири-бириңер менен кеңешип койсоңор боло?

Байрактар боюнча ЖКда тактап ТИМ ачык жооп берип, УКМКсы «мунун баары калп» деп расмий маалымат чыгарыштын канча заарылчылыгы бар эле? Алганы чынбы, калпбы мамлекеттин коопсуздук кызматы эле так билгениңер маанилүү эмеспи. Биз жазган соц.тармактагы постго караганда расмий маалыматтар дароо окулат.

Президент баш болуп Facebookту эле аңдып, абалыңардын статистикасын фейктер аркылуу 80% деп чыгарып, Facebookтагы постту үчүн суракка алып, камап Facebookту эле карап жыргап жатасыңар байболгурлар. Өзүңөрдү сакташ үчүн коргонбой өлкөбүздүн коопсуздугун коргогула. Эгемен элдин тынчтыгы силердин жеке керт башыңардан артык.

Дүйнө тынч эмес. В.В.Путин тандооңорду ачыктагыла деп талап коё баштады. Орусиянын саясатчылары, эксперт, журналисттери 3-дүйнөлүк согушту башташ керек дей баштаганда геосаясий темада болгон жерди кыса тургулачы былжырабай (президенттин лексикону)

P.S. Резиденциядагы чырыңар сыртка угулуп баштады», - деп жазган Бекчороев.

Эске салсак, буга чейин Түркия Тажикстанга «Байрактар» сокку уруучу учкучсуз учактарын бергени тууралуу маалымат тараган. Бул маалыматтан кийин коомчулукта бийлик өкүлдөрүнө карата бир топ сын-пикирлер айтылган.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз тарап Түркиядан «Байрактар» сокку уруучу учкучсуз учактарын коңшу мамлекеттерге сатпоону суранганын билдирген. Кулубаев Тажикстан дагы «Байрактарды» сатып алганы жөнүндө маалыматты чын экенин айткан болчу.

Өткөн жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматына «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган. Жакында эле Тажикстан Түркиядан «Байрактарды» сатып алары тууралуу маалымат тараган. Бирок Тажикстандын расмий органдары бул боюнча маалымат тарата элек.

«Байрактар» – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости