www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 28-апрель күнү Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн кызматкери (САКБ) пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу О.Т.О. аттуу кызматкер Сузак районунун тургунунан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 370- беренеси (соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуу жолу менен, Сузак районунун тургунунан кредитордук карызды өндүрүү маселеси боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 20000 сом жана 500 АКШ доллар акча каражатын талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармоо учурунда аталган кызматкер активдүү каршылык көрсөткөн.

Бул факты боюнча, КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында көрсөтүлгөн жаран кармалып, Сузак РИИБнин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости