www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрдан 25-ноябрга караган түнү Бишкек - Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болуп, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Бишкек - Ош унаа жолунун Жайыл районунда болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Бишкекти көздөй бет алган Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кетип Mercedes-Benz Sprinter унаасын сүзгөн. 

Жол кырсыгынын натыйжасында ошол эле жерден бир адам каза болгон. Дагы үч адам ооруканада көз жумган. Мындан сырткары дагы 8 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. 

Ведомстводон билдиргендей, жол кырсыгы болгон учурда Бишкек - Ош жолу тазаланып, керектүү нерселер жолго себилген. Бирок, ушуга карабастан Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу белгисиз себептерден улам каршы тилкеге чыгып кеткен. Учурда окуянын бардык жагдайлары териштирилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости