www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн басма сөз кызматы 20-августта билдиргендей, эми Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдиктер (ЖОЖдон берилген маалымкат аркылуу), өлкөдө туруктуу жашап турууга уруксаты барлар, өлкө аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келгендер (документ менен ырасталган шартта), жакын туугандарынын аза күтүү зыйнатына келгендер (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу документ менен) киргизилет.
Ошондой эле маал-маалы менен чет мамлекеттердин жарандарын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу да чечим кабыл алынды. Ага ылайык, чет элдиктер эпидемиологиялык абалга жараша Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тизме менен өлкөдөн чыга алышат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүн 2020-жылдын 17-мартындагы токтомунун негизинде Кыргызстан башка мамлекеттер менен чек араларын жаап, авиакаттам, автотранспорт жана темир жол каттамдары токтотулган.
Булак: NazarNews.kg