www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош жолунда милиция кызматкерлери унааны токтотуп, ичинен кыздын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-январда саат 21:50 чамасында Кара-Суу районунун Медресе айылындагы жолдо кызмат өтөп жаткан инспекторлорго «бурулуш жерде унаанын ичинде эки адам урушуп жатат» деп эркек киши айткан. Милиция кызматкерлери айтылган жерге барып, ал жактан Хендай Соната үлгүсүндөгү унааны көрүшкөн. Аны текшерүү учурунда арткы орундуктан аялдын жансыз денесин табышкан. 1983-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну болгон унаанын айдоочусу кармалып, камакка алынды. Каза болгон аял 1991-жылы туулган Ош шаарынын тургуну экендиги аныкталды. Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости