www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-мартта болжол менен саат 15:50 чамасында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка кабылып, толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун сол жак тарабына аласалып кеткен.

«Жол кырсыгынын натыйжасында унаа толугу күйүп, унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.

Азыркы учурда окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иш алып барууда», — деп жазылат маалыматта.

Последние новости