www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кырсыктарынын алдын алуу жана кызматтык тартипти сактоо багытында кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык., Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда, жол унаа кырсыктарын алдын алуу, кызматтык тартип жана мыйзамдуулук, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде мамлекеттик жана эл аралык унаа жолдордун бүгүнкү күндөгү жол кыймылына тийигизген таасири, коопту аймактарынын, тийиштүү жол белгилеринин жана жол чийиндеринин бүгүнкү күндөгү абалы каралып, аныкталган кемчиликтер боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, тийиштүү кызматтарга орундатуу үчүн берилген сунуштардын жыйынтыктары каралды.
Ошондой эле кызматкерлердин кызмат өтөө тартибин көзөмөлдөп жаткан төш камераларынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө тартиби каралып, төш видео көзөмөлдөрү аркылуу аныкталып жаткан тартип бузуу фактыларына кызматтык териштирүү иштерин жүргүзүү багытында жер-жерлердеги ЖКККББнын бөлүмдөрүнө тапшырмалар коюлду.