www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев 18–21-сентябрь күндөрү Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу менен Москва шаарында иш сапарда болду.
Иш сапардын алкагында ал шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларга катышып, Москвадагы шайлоо органдарынын жана коомдук түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен тажрыйба алмашты.
Бекжан Усеналиев Шайлоого коомдук байкоо жүргүзүү боюнча коомдук штабга, Москва шаардык шайлоо комиссиясына, Россиянын Коомдук палатасынын Ситуациялык борборуна жана бир катар участкалык шайлоо комиссияларына барып, алардын иши менен жеринде таанышты.
Жолугушууларда ири шаарда шайлоо процессин уюштуруу, санариптик технологияларды колдонуу, шайлоого мониторинг жүргүзүү жана коомдук байкоочулар менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Москвада шайлоо өнөктүгүнүн алкагында өткөн эл аралык иш-чараларга катышып, шайлоо органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар шайлоо процессин уюштуруу, санариптештирүү жана өкүлчүлүктүү органдардын ишмердүүлүгү боюнча мындан ары да тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.