www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муниципалитеттин жыйындар залында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү талкууланды. Борбор калаанын башчысы жумушту аяктоо мөөнөтүн - 2024-жылдын 31-августуна чейин эскертти.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи манежинин аймагындагы иштер боюнча, «Чыгыш-5» кичи районундагы 18/1 имаратында бала бакча уюштуруу пландалып жаткан имаратты реконструкциялоо боюнча маалымат уктук.
Мындан тышкары, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы жана Свердлов районунун акими «Эмгек резерви» республикалык дене тарбия жана спорт борборунун аймагында аткарылган иштерге токтолду.

Айбек Жунушалиев курулуп жаткан объектилерге жана подряддык уюмдардын милдеттенмелеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырып, бардык объектилерде курулуш иштерин тездетүү милдети коюлду.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости