www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-июлда Бишкек шаардык соту саясатчы Мавлян Аскарбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокатынын өтүнүчүн карап чыгып, Ленин райондук сотунун аны эки айга камакка алуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин, 13-июнда Бишкектин Ленин райондук соту Мавлян Аскарбековду эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Саясатчынын адвокаты Эрик Ирискулбековдун айтымында, Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси боюнча айып коюлган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул кылмыш ишине байланыштуу расмий маалымат бере элек.

Мавлян Аскарбековдун кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол эле күнү ал Фейсбуктагы баракчасында өзүнө каршы провокациялык маалыматтар тарап жатканын жана үйүнө УКМКнын кызматкерлери келгенин билдирген.

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга байма-бай пикирин билдирип келген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым чечимдерин жана аракеттерин сындаган билдирүүлөрү менен белгилүү.

Последние новости