www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто жол кирени төлөө эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү ыкма аркылуу төлөө тартиби түшүндүрүлүп, белгиленген талаптарды сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.

Белгиленгендей, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кирени альтернативдүү төлөө системасы иштей баштаган.

Ишкананын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жол киренин өз убагында жана туура төлөнүшүн камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коомдук транспорттун ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды белгиленген эрежелерди так сактоого чакырып, көзөмөлдөө иш-чаралары туруктуу негизде улантыларын билдирди.

Последние новости