www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ Григорьевкадагы малчыларга жардам жеткирди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагынын өкүлдөрү менен биргеликте Григорьевка капчыгайынын Суу-Ашуу ашуусундагы малчыларга азык-түлүк жеткирип, алардын абалынан кабар алышты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, малчыларга Ак-Сай жайлоосунда нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүү коркунучу бар экени эскертилип, коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда малчылардын абалы канааттандырарлык, азык-түлүк жетиштүү экени белгиленди. Ал эми жаш балдар, аялдар жана эс алуучулар Чоң-Ак-Суу дарыясындагы 5-көпүрөнү сел агызып кеткен 2-июль күнү коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Ошондой эле бүгүнтөн тарта Чоң-Ак-Суу дарыясындагы селден жабыркаган 5-көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталары маалымдалды. Учурда жеринде атайын техникалар тартылып, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери кырдаалга үзгүлтүксүз көз салууда.

Маалыматка ылайык, абал Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүндө.

Последние новости