www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында калкка зарыл болгон азык-түлүк товарларына, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы №140 буйругуна ылайык, сөөктүү уй жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) карата убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Бул багытта Свердлов, Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук администрациялары Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтын, салык органдарынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы базарларда жана соода түйүндөрүндө үзгүлтүксүз рейддик жана көзөмөлдөө текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Текшерүү иш-чаралары «Ош базары», «Орто-Сай», «Аламедин», «Дордой», «Азиз» базарларында, ошондой эле «Глобус», «Азия», «Маркеты» соода түйүндөрүндө жана башка соода объектилеринде өткөрүлүүдө.

Көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө ишкерлерге жана сатуучуларга эт азыктарынын баасын негизсиз көтөрүүгө жол берилбестиги, ошондой эле белгиленген бааларды так сактоо талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө уй жана кой этинин баасы бир килограммы үчүн 680 сомдон жогору болбошу керектигине көңүл бурулууда.

Ошондой эле,  калк үчүн кыйындык жаратпаган баада, эт сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Анын алкагында ортомчусуз соода жүргүзүү үчүн атайын соода орундарын уюштуруу жана кошумча сатуу түйүндөрүн ачуу каралууда.

Маалымат үчүн: 2026-жылдын 14-январынан тартып Ош базарында эт продукциясын дүңүнөн сатуу токтотулган. Ушуга байланыштуу «Алтын-Така» мал базарынын аймагында санитардык жана ветеринардык талаптарга толук жооп берген «Чүйгүн» аттуу жаңы эт павильону ишке киргизилди. Учурда этти дүңүнөн сатуу ушул павильондо жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, ошол эле аймакта жайгашкан «Таза адал эт» чекене павильонунда жарандар сапаттуу жана коопсуз эт азыктарын чекене баада сатып ала алышат.

Белгилей кетсек, Ош базарындагы эт саткан бардык соода түйүндөрү «Алтын-Така» мал базарына көчүрүлгөн. Жаңы ачылган «Чүйгүн» эт павильону райондун тургундарын этти дүңүнөн да, чекене да сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууда.

Учурда эт азыктарынын дүң баалары төмөнкүдөй:

• кой эти — 640–680 сом,

• уй эти — 640–680 сом,

• жылкы эти — 540–560 сом.

Чекене баалар 660 сомдон башталат.

Эт азыктарынын бааларына көзөмөл жүргүзүү жана рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.

 

 

Последние новости