www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 17-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна Б.К. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда 2026-жылдын 17-январында болжол менен саат 23:30 чамасында белгисиз адам Зеленая көчөсүндөгү жеке үйдүн жанында токтоп турган «Volkswagen Polo» үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз айдап кетип, белгисиз багытка изин суутканы боюнча чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт боюнча Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (унаа уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери видеокөзөмөл камераларынын жазууларын изилдеп, шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2005-жылы туулган Т.А. болуп чыккан.
Шектүү кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө ал автоунааны уурдагандан кийин калтырып кеткен жерин көрсөтүп берген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.