www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 8-январында Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБна Э.Б. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Арызда ошол эле күнү ал Некрасов көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жерде жүргөн №161 маршруттук таксинин салонунда бара жатып, белгисиз адамдар анын сумкасынан акча салынган капчыгын жашыруун уурдап кетишкени көрсөтүлгөн. Капчыктын ичинде 595 миң сом акча каражаты, 400 АКШ доллары, ошондой эле 100 миң сомго бааланган зер буюмдардын топтому болгон. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Сары-Өзөн» базарынын аймагында 1985-жылы туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон жарандар Ш.М. жана Ж.А. кармалып, Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып, алар Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камак алынышты.
Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын салонунан мурда кылмыш жолу менен алынган зер буюмдардын топтому табылып, алынды.
Такталгандай, шектүүлөр Ш.М. аттуу жаранга таандык «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен жүрүшкөн. Ушул жылдын 8-январында болжол менен саат 09:10до алар Салтыков көчөсүнө келип, унааны калтырып, «Дордой» базары тарапка багыт алган №161 маршруттук таксиге отурушкан. Көзөмөл жүргүзүү учурунда тажрыйбалуу «чөнтөк уурулар» катары аялдын сырткы көрүнүшүнө карап, анын жогоруда аталган базарда иштеши мүмкүн экенин аныкташып, андан кийин уурдоо кылмышын жасашкан. Кийинчерээк шектүүлөр «Мерседес Транзит» үлгүсүндөгү такси менен кайра унаасына кайтып келишкен, ал эми жол кирени мурда уурдалган акчадан 1 000 сом төлөшкөн.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Эгерде сиздер аталган жарандардын аракеттеринен жабыркаган болсоңуздар же маанилүү маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү телефондор аркылуу дароо кабарлоону суранабыз:
0 (509) 26-26-69, 0 (702) 07-12-63 жана милиция кызматынын 102 кыска, күнү түнү иштеген номери.