www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма  сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин буйругу менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Бердибаев Улан Калыбекович дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап, оперативдик-кызматтык ишмердүүлүк боюнча чоң тажрыйбага ээ.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев жаңы жетекчини райондук башкармалыктын өздүк курамына тааныштырып, анын алдына укук тартибин чыңдоо, бөлүмдөрдүн оперативдик-кызматтык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, алдын алуу иштерин күчөтүү жана Ленин районунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бир катар милдеттер коюлганын белгиледи.

Буга чейинки Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Байгазиев Азамат Талантбекович учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагында.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги милициянын полковниги Улан Бердибаев ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткараарына ишеним билдирди.

Последние новости